Abstract
Бишкекте мыйзамсыз жер ээлеп алуу – шаар үчүн жаңы көрүнүш эмес. Жер басып алуучулардын биринчи толкуну борбор шаарга СССР таркагандан кийин келген, жумушсуз калган адамдар жакшы жашоо жана иш издеп шаарга агылып келе баштаган. Шаарда үй жалдап турууга каражат-камы жок мигранттар шаардын чет-жакасындагы жерлерди мыйзамсыз ээлеп алышып, үй салып, ошондон улам жаңы конуштар пайда болгон. Ошондогу курулуштарды кийин бийликтер мыйзамдаштырып беришти.